Жарыяланган
2025-29-05, 16:32Президент Садыр Жапаров 30-майда "Борбор Азия - Италия" биринчи саммитине катышуу үчүн Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Саммит "Жалпы горизонттор. Глобалдык туруктуулук үчүн Борбор Азия менен Италиянын диалогу" деген аталыш менен өтөт.
"Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.
Саммитке Борбор Азиянын мамлекет башчылары, ошондой эле Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Жоржа Мелонинин катышуусу күтүлүүдө", - дейт Сагынбек Абдумуталип.