Akchabarsearch
Кыргызстан менен Өзбекстан зергерчилик тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт

Жарыяланган

2025-29-05, 17:19

Кыргызстан менен Өзбекстан зергерчилик тармагындагы кызматташтыкты чыңдайт

Кыргызстан менен Өзбекстан зергерчилик тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт. Бул тууралуу Зергерлер жана ишкерлер биримдигинин президенти, Kyrgyz Zerger ишканасынын негиздөөчүсү Сталбек Акматов билдирди. 

Маалыматка ылайык, Kyrgyz Zerger ишканасы Ташкент шаарындагы Uzbek Jewellery Fair 2025 эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Анда Сталбек Акматов Кыргызстан менен Өзбекстандын зергерчилик тармагындагы соода-экономикалык кызматташтыгын арттыруу демилгесин көтөргөн. 

"Биз жумушчу орундарды түзүп, тажрыйба алмашууга жана кол өнөрчүлүк аркылуу аймакты таанытууга милдеттүүбүз. Бул – биздин маданиятыбыздын, экономикабыздын жана келечегибиздин бир бөлүгү. Зергерчилик өнөрү элдер ортосундагы көпүрө болууга тийиш", - дейт Акматов.

Анын айтымында, заманбап зергерчилик өнөр жайы улуттук стилди сактоону гана эмес, инновациялык технологияларды – 3D дизайнды, санарип огранка, экологиялык жактан таза материалдарды жана жаңы стандарттарды киргизүүнү талап кылат.

Uzbek Jewellery Fair 2025 көргөзмөсү Өзбекстан, Кыргызстан, Индия, Түркия, БАЭ жана башка өлкөлөрдөн 150дөн ашык катышуучуну бириктирген аймактагы эң чоң аянтча болуп калды. Иш-чара зергерчилик өнөрү аркылуу ачык диалог, технологиялык өнүгүү жана маданий идеяларды жайылтат. 


Тектеш материалды окуу