Жарыяланган
2025-27-05, 17:10Чүй облусунун Сокулук районунда 990 га жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун акиминин мурдагы орун басары И.Р. "Нива" айыл чарба кооперативинин төрагасы болгон "өкүл баласы" М.А. менен сүйлөшүп алып, Сары-Өзөн айыл аймагындагы жергиликтүү бийликке караштуу 990 га жерди мыйзамсыз пайдаланып келген. Аудитордук текшерүүгө ылайык, 2000-жылдан бери азыркы мезгилге чейин аталган жерлерди мыйзамсыз пайдалануунун айынан мамлекетке келтирилген зыян 74 млн сомдон ашкан.
Ошол эле учурда бир катар мүлк, анын ичинде дан кампалары, кампа жайлары, өндүрүштүк база мыйзамсыз менчиктештирилген. И.Р.га жана анын жакын туугандарына 54 кыймылсыз мүлк, анын ичинде Бишкек шаарындагы кымбат батирлер, Сокулук районундагы соода жайлар, Чолпон-Ата шаарындагы "Келечек" пансионатынын аймагындагы коттедж катталгандыгы аныкталган.
Аталган факт боюнча мурдагы чиновник менен өкүл баласы камакка алынган.
"Учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлк объектилерин мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.