Akchabarsearch
    МИК  Скрябиндеги коммерциялык жайларды жана парковкаларды аукционго чыгарды

    Жарыяланган

    2025-26-05, 09:37

    МИК Скрябиндеги коммерциялык жайларды жана парковкаларды аукционго чыгарды

    Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкектин Скрябин 45-45а дарегинде жайгашкан турак жай комплексиндеги жертөлөөдөгү, коммерциялык жайларын, ошондой эле жер алдындагы жана үстүндөгү унаа токтотуучу орундарды (парковка) ачык аукционго койду. 

    Жертөлөдөгү жана коммерциялык жайлар боюнча аукцион тогуз  лоттон туруп, 23-июнда саат 13:00до өтөт.  Ал эми парковкалар боюнча аукцион эки лоттон туруп, 24-июнда саат 13:00до өткөрүлөт.

    Аукционго катышуу үчүн алдын ала 20 миң сом төлөө керек. Өтүнмөлөр 20-июнь саат 16:00го чейин кабыл алынат.

    Аукциондук бланкты алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот: Бишкек ш., Ч. Айтматов көчөсү 1

    МИКтин сайтындагы "Тендерлер жана аукциондор" бөлүмүнө кирип, кошумча маалымат алууга болот.


    Тектеш материалды окуу