Жарыяланган
2025-30-06, 10:38Быйыл январь-май айларында Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөткөн чет элдик компаниялар өлкө бюджетине 540 млн 192.7 миң сом кошумча нарк салыгын же "Google’га салык" төлөдү.
2024-жылы беш айда "Google’га салык" катары казынага 315 млн 598.9 миң сом төлөнгөн. Ал эми жыл ичинде жалпы 709.3 млн сом түшкөн.
Эскерте кетсек, "Google’га салык" Кыргызстанда 2022-жылы киргизилген. Ал Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөтүп, акча таап, бирок салык төлөөчү катары катталбаган чет элдик компаниялар тарабынан төлөнөт.