Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-02-09, 15:13

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын 1 млрд сомго көбөйтөт

2024-жылдын 2-сентябрында “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКнын акционерлеринин жалпы чогулушу өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды.   

Жыйындын жүрүшүндө жалгыз акционер төмөнкү чечимдерди кабыл алды.  

Биринчиден, банктын уставдык капиталын 1 миллиард сомго, 18 миллиард 700 миллион сомдон 19 миллиард 700 миллион сомго чейин көбөйтүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле банктын жүгүртүүдөгү жөнөкөй акцияларынын санын 1 миллион нускага көбөйтүү чечими кабыл алынды, ал эми бир акциянын жайгаштыруу баасы 1 миң сомду түзөт. Жаңы акцияларды жайгаштыруунун тартиби жана шарттары бекитилди.  

Экинчиден, жыйында “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” АКнын уставы жаңы редакцияда бекитилди жана юстиция органдарында банкты мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жол-жобосун жүргүзүү чечими кабыл алынды.
 


Тектеш материалды окуу