
Жарыяланган
2026-13-10, 17:38Кыргызстанга келген инвестициялар боюнча Кытай биринчи орунда турат, ал эми Россиядан инвестиция азайды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги багыт экономикалык дипломатия болуп саналат. Президент, өкмөт башчы бул багыт боюнча элчиликтерге бир катар тапшырмаларды берген.
"Биринчи инвестор - Кытай. Кытайдан көптөгөн түз инвестиция, гранттык жардам келип жатат. Бул жакта элчиликтин салымы абдан чоң", - деди ал.
Ал билдиргендей, экинчи чоң өнөктөш Россия болуп саналат. Акыркы жылдары Россиядан инвестиция азайды. Бирок региондор ортосундагы кызматташуу жигердүү болуп жатат.
"Биздин башкы консулдуктар, элчилик биздин региондор менен байланыштырып, соода-сатыкты арттырып жатабыз. Айрыкча Татарстан, Башкортостан жана Алтай менен жакшы иштешип жатабыз", - деди ал.
Ошондой эле ал азыр Европа өлкөлөрүнөн техникалык жардам келип жатканы менен түз инвестиция тартуу оор болуп жатканын айтып өттү.



