Akchabarsearch
    Кыргызстан минералдык сууну эң көп Грузиядан сатып алды

    Жарыяланган

    2025-13-08, 15:52

    Кыргызстан минералдык сууну эң көп Грузиядан сатып алды

    Быйыл январь-май айларында Кыргызстанга чет жактан 103.6 млн сомго 2,16 млн литр минералдык суу импорттолду. Былтыркы жылдын беш айына караганда импорттун көлөмү 20%га кыскарган, бирок орточо баасы кымбат болгон. 

    Эң көп суу Грузиядан ташып келинген — 805 миң литр. Бул былтыркыга караганда дээрлик эки эсе көп жана баасы да эки эсе жогору. Суунун импорту боюнча экинчи орунда Казакстан турат. Бирок ал жактан импорт эки эсе азайган. 

    Россиядан келген суунун көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу азыраак болгону менен баасы жогору болгон. 

    Ошондой эле Түркиядан импорт эки эсеге жакын көбөйгөн. Өзбекстандан суу былтыркыга салыштырмалуу азыраак ташып келинген. 

    Быйыл Кыргызстан минералдык сууну Италия менен Литвадан ташый баштаган.  Бирок анын көлөмү өтө эле аз. 


    Тектеш материалды окуу