
Жарыяланган
2026-23-06, 09:43Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Финансылык-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгы автоунааларды сатып алуу боюнча тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алууга жалпысынан 72.3 млн сом каралган. Анын алкагында шаарлар аралык класстагы автобустар, жол тандабас жеңил автоунаалар сатылып алынат.
Тендердик документке ылайык, шаарлар аралык автобустарды сатып алууга 43.9 млн сом, микроавтобуска 13.8 млн сом, ал эми жол тандабас автоунаага 14.6 млн сом бөлүү пландалууда.
Жеткирилүүчү техникалар Бишкек шаарындагы ИИМдин автоунаа чарбасына өткөрүлүп берилет. Жеткирүү мөөнөтү келишим түзүлгөн күндөн тартып 60 жумуш күнүн түзөт.
Тендерге катышкан компаниялар 2024–2025-жылдары ушуга окшош жеткирүүлөрдү аткарган тажрыйбасын тастыкташы керек. Ошондой эле автоунаалардын техникалык абалы, чыгарылган жылы, жүргөн аралыгы жана башка мүнөздөмөлөрү тууралуу толук маалымат берүү талап кылынат.
Тендердик сунуштарды кабыл алуу 25-июнда аяктайт.



