
Жарыяланган
2026-29-05, 09:53Ош шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы Яккалик каналын оңдоп-түзөө, темир тосмолорду орнотуу жана айланасын жашылдандыруу иштерине 45 млн 368 миң сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Тендердик сунуштар 3-июнга чейин кабыл алынат.
Долбоорго ылайык, подрядчы каналдын аймагын көрктөндүрүп, темир тосмолорду орнотуп, жашылдандыруу иштерин жүргүзөт. Иштер келишимге кол коюлгандан кийин 60 календардык күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек.
Тендерге катышкан компаниялардын жетиштүү каржылык мүмкүнчүлүгү, курулуш техникасы, лицензиясы жана ушул сыяктуу объектилерде иштеген тажрыйбасы болушу талап кылынат.
Долбоор боюнча аткарылган иштерге 3 жылдан 5 жылга чейин кепилдик мөөнөтү каралган.
Каражат бардык иштер бүткөн соң толук төлөнүп берилет.



