
Жарыяланган
2026-26-11, 12:15Банк кызматкерлери интернет шылуундарга жардам берген учурлар аныкталган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 26-ноябрдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.
Жыйында депутат Таалайбек Сарыбашов канчалаган жаран шылуундарга акчасын алдырып ийип жатканын айтып, андай алдамчылык кылмыштарына банк кызматкерлери аралашып, "шектүү катары кармалгандары барбы?" деп сурады.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев андай фактылар жок экенин билдирди.
Сарыбашов алданган жарандардын арасында шылуундарга банк кызматкерлери жардамдашары тууралуу айтылып жатканын, милиция бул айтылгандарды иликтеши керектигин белгиледи.
Эркебек Аширходжаев тергөөнүн жүрүшүндө банк кызматкери алдамчылыкка тиешеси бар экени аныкталса, жоопко тартыларын билдирип, бир учурда андай далилденген фактылар жок экенин айтты.



