Akchabarsearch
ИИМ такси айдоочуларын убакытты созбой лицензия алууга чакырды

Жарыяланган

2026-08-04, 16:04

ИИМ такси айдоочуларын убакытты созбой лицензия алууга чакырды

Ички иштер министрлиги такси кылуу үчүн лицензия алууга келгендердин саны аз болуп жатканын билдирип, лицензия берүү уланып жатканын эске салды. 

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 14 миңден ашык жаран жана 400дөн ашык юридикалык жак лицензия алууга жетишти. Бирок убакыт өткөн сайын лицензия алууга кайрылгандардын саны азаюуда. 

“Буга байланыштуу такси айдоочуларын акыркы күндөрдү күтпөстөн, тиешелүү иш кагаздарын алдын ала даярдап, лицензияны ыкчам алууга чакырабыз. Азыркы учурда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өлкө аймагындагы бардык бөлүмдөрүндө лицензия берүү улантылууда”, - деп билдирет министрлик. 

Эскерте кетсек, такси болуп иштегендердин баарына лицензия алуу милдеттүү болуп саналат. 1-июлга чейин лицензиясы жокторго айып салынбайт. Андан кийин лицензия албаган такси айдоочулары айыпка жыгыла баштайт. 
 


Тектеш материалды окуу