
Жарыяланган
2026-24-03, 15:08Ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Учурда бул иш боюнча жабырлануучулардын саны өсүүдө.
Милицияга Т.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Феникс» компаниясы жана жаран О.Н. тарабынан алданганын билдирген.
Анын айтымында, быйылкы жылы шектүү аял ишенимге кирип, кэшбэк алып берүү шылтоосу менен андан 34 500 сом акча алган. Бирок убадаланган кызмат көрсөтүлбөй, шектүү изин жашырган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1980-жылы туулган жаран Осмонова Н.Ч. шектүү катары кармалды. Учурда ага карата 26 адам арыз менен кайрылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча келтирилген зыяндын суммасы 20 миллион сомдон ашат. Ошондой эле жабырлануучулардын саны мындан ары дагы көбөйүп, миңден ашышы мүмкүн экени айтылууда.
Шектүүгө айып тагылып, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Азыркы тапта тергөө иштери улантылып, мүмкүн болгон шериктештерди аныктоо аракеттери жүргүзүлүүдө.



