Akchabarsearch
Ысабеков: Ишкерликти жаңы баштап жаткандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Жарыяланган

2026-14-10, 18:54

Ысабеков: Ишкерликти жаңы баштап жаткандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Ишкерликти жаңы баштап жаткандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда "Замана" студиясынын эфиринде Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Салык кызматынын маалымат кызматы билдиргендей, эфирде Кубанычбек Ысабеков салыктык реформалар, ак ниет салык төлөөчүлөрдү колдоо жана ишкердик чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу айтып берген.

Ысабековдун айтымында, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, ак ниет салык төлөөчүлөр мамлекет тарабынан коргоого алынат. Ал эми салык мыйзамдарын атайылап бузган ишкерлерге карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Кубанычбек Ысабеков Салык кызматы ак ниет ишкерлер менен өнөктөштүктө иштөөгө дайыма даяр экенин белгилеген. Салыктан жана жоопкерчиликтен качуу максатында бир ишкананы жаап, экинчисин ачуу сыяктуу көрүнүштөргө мындан ары жол берилбей турганын билдирген.

"Бардык ишкерлер мыйзамда белгиленген салык милдеттенмелерин аткарууга тийиш. Салык төлөөдөн качпай, тааныш-билишке же мыйзамсыз макулдашууларга таянбай, өз ишин мыйзам чегинде жүргүзүшү зарыл", — дейт ал.

Салык кызматынын төрагасынын орун басарынын айтымында, ишкерликти жаңы баштап жаткан жарандар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Салыктык жол-жоболорду санариптештирүү ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана адам факторун азайтууга мүмкүндүк берди.


Тектеш материалды окуу