
Жарыяланган
2026-07-08, 14:37Жыл башынан бери мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 7 миң 861 жаран жумушка орношту. Алардын ичинен 4 миң 87си аялдар, ал эми 3 миң 774ү жаштар. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, 1-июлга карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына жалпысынан 77 миң 551 жаран жумуш издеп кайрылган. Алардын ичинен 52 миң 807 адамга эмгек мыйзамдары, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо боюнча кеңештер берилген.
Мындан тышкары, 3 миң 451 жаран кесиптик окууга жөнөтүлгөн. Аларга ашпозчу, бухгалтер, айдоочу, ширетүүчү, сантехник, тигүүчү, чач тарач, маникюр чебери, компьютер оператору жана эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон башка кесиптер багыттар сунушталган.
Ошондой эле, 1-июлга карата 9 миң 669 жумушсуз жаран акы төлөнүүчү убактылуу коомдук иштерге тартылган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 69%га көп.
Мындан сырткары, 39 миң 700гө жакын жаран кесип тандоо боюнча кеңеш алган. Алардын арасында 17 миң 300 жумушсуз жаран жана 22 миң 400 окуучу бар.
Учурда кесиптик багыт берүү борборлору Бишкек, Ош, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Баткен шаарларында жана Сокулук районунда иш алып барууда.



