Akchabarsearch
Кыргызстанда расмий катталган жумушсуздардын саны дээрлик 25%га азайды

Жарыяланган

2026-27-04, 15:05

Кыргызстанда расмий катталган жумушсуздардын саны дээрлик 25%га азайды

Кыргызстанда расмий катталган жумушсуздардын саны азайды. 2026-жылдын башына карата жумушсуз катары каттоодо турган адамдардын саны 38.2 миң болду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 25%га аз.

Жалпы эсепте, жумуш издеп каттоодо турган жарандардын саны 56.5 миңге чейин кыскарды. Өлкө боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 1.3%ды түздү.

Бирок бул көрсөткүчтөр аймактар боюнча бирдей эмес. Эң көп жумушсуздар түштүк аймактарда сакталган. Ош облусунда 10.13 миң адам, ал эми Жалал-Абад облусунда 10.1 миң адам жумушсуз катары каттоодо турат. Салыштыруу үчүн Чүй облусунда 1.3 миң адам, Нарын облусунда болсо 1 миңден бираз ашык адам катталган.

Жыл ичинде жумушсуздардын саны айрым аймактарда олуттуу азайган. Чүй облусунда 41.7%га, Баткен облусунда 38.6%га, Ош облусунда 27.7%га кыскаруу болгон.
Бирок Ош шаарында тескерисинче өсүш байкалган — жумушсуздардын саны 7.8%га көбөйгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, расмий катталган жумушсуздардын 46%ын аялдар түзөт.
 


Тектеш материалды окуу