
Жарыяланган
2026-19-05, 15:36Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 3.7% га чейин төмөндөдү. Ошол эле учурда мамлекеттик жаштар стажировкасына катышкандардын дээрлик 68%ы программаны аяктагандан кийин жумушка орношо алган. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова иш менен камсыз кылуу жана кесиптик билимге арналган Улуттук форумда билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө жумушчу күчүнүн саны 2.86 млн адамды түзөт. Алардын ичинен 2.75 млн кыргызстандык иш менен камсыз болгон, ал эми расмий түрдө 104.7 миң адам жумушсуз катары катталган.
Жумушсуздукту азайтуу максатында жаштар үчүн стажировка программалары көрсөтүлүүдө. Учурда бул долбоор өлкөнүн 30 шаарында жана районунда иштеп жатат. Катышуучулар окуудан кийин иш берүүчүлөргө практика жана стажировкага жөнөтүлөт.
Эмгек министрлиги белгилегендей, келечекте өзгөчө жаштар жана социалдык жактан аяр катмарлар үчүн жумуш менен камсыз кылуу чаралары дагы кеңейтилет.



