Akchabarsearch
Ишкер аялдарга берилген кепилдиктер жалпы үлүштүн 41%ын түздү

Жарыяланган

2025-12-09, 15:53

Ишкер аялдарга берилген кепилдиктер жалпы үлүштүн 41%ын түздү

"Кепилдик фонд” ААКсы 2025-жылдын башынан бери жана 1-сентябрга карата ишкер аялдарга берилген кепилдиктердин үлүшү берилген кепилдиктердин жалпы санынын 41%ын түздү.

Бул мезгилде жалпысынан 309 млн сомдон ашык суммага 390 кепилдик берилип, бул ишкерлерге экономиканын түрдүү тармактарында долбоорлорду кеңейтүү жана ишке киргизүү үчүн 1 млрд 287 млн сомдон ашык кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүндүк берген.

Аталган фонд өзүнүн ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде жалпы суммасы 3 млрд 734 млн сомдон ашык суммадагы кредиттерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылган.

Кепилдик колдоо алган аялдар Кыргызстандын бардык аймактарынын өкүлдөрү болгон айыл чарба, соода, тейлөө жана башка тармактарда бизнес идеяларын ийгиликтүү ишке ашырууда.

 


Тектеш материалды окуу