Akchabarsearch
Кепилдик фонду быйыл тогуз айда 2 млрд сомдон ашык кепилдик берди

Жарыяланган

2025-16-10, 14:36

Кепилдик фонду быйыл тогуз айда 2 млрд сомдон ашык кепилдик берди

“Кепилдик фонд” ачык акционердик коому 2025-жылдын январь–сентябрь айларында жалпы суммасы 2.44 миллиард сомду түзгөн 1 миң 95 кепилдик берди.Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Кепилдиктердин жардамы менен ишкерлер банктардан 8.52 миллиард сом өлчөмүндө насыя ала алышты. 

Кепилдиктердин эң көп бөлүгү айыл чарба тармагына багытталып, 681 кепилдик же жалпысынын 62%ын түздү. Мындан тышкары, соода тармагына 15%, транспортко 11%, кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө 4%, ал эми өнөр жай тармагына 2% кепилдик берилген.

 


Тектеш материалды окуу