Akchabarsearch
Тогуз айда аял ишкерлерге 369 млн сомдон ашык кепилдик берилди

Жарыяланган

2025-22-10, 14:37

Тогуз айда аял ишкерлерге 369 млн сомдон ашык кепилдик берилди

2025-жылдын январь–сентябрь айларында Кепилдик фонду аялдардын бизнесин колдоо үчүн 440 кепилдик берген. Бул жалпы берилген кепилдиктердин 40%ын түздү. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Бул убакыт ичинде кепилдиктердин жалпы суммасы 369 млн сомдон ашып, анын аркасында аял ишкерлер 1.5 млрд сомдон көп насыя каражатын ала алышты.

Кепилдиктер негизинен айыл чарба, соода жана транспорт сыяктуу тармактарга багытталган. Ал эми көлөм жагынан туризм тармагы эң алдыңкы орунда болду — 90 млн сомдон ашык суммага кепилдик берилген.
 


Тектеш материалды окуу