Akchabarsearch
Ысык-Көлдө айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 17,4 млн сом өндүрүлдү

Жарыяланган

2026-26-03, 09:29

Ысык-Көлдө айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 17,4 млн сом өндүрүлдү

Ысык-Көл районунда айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 17 миллион 401 миң сомдон ашык каражат мамлекеттик бюджетке өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан Тору-Айгыр–Тамчы айыл өкмөтүндө жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Ысык-Көл токой чарба кызматында текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында токой жана айыл чарба өндүрүшүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле алынбай калган пайда үчүн төлөмдөр өз убагында жүргүзүлбөй келгендиги аныкталган.

Аталган мыйзам бузууларды жоюу максатында прокуратура тарабынан тиешелүү прокурордук акт келтирилип, жыйынтыгында 17,4 млн сом өндүрүлдү.


Тектеш материалды окуу