Жарыяланган
2026-17-02, 12:48Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясы өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коллегияга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
“2025-жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча мамлекет Ош облусуна 8 млрд 543 млн сомдук жардам көрсөттү, анын 8,1 млрд сому толук каржыланды. Бул каражат 357 объектке жумшалды”, - деди ал.
Касымалиев бөлүнгөн каражаттар 242 социалдык объектке, анын ичинен 133 мектепте курулуш же ремонт иштери жүргөнүн, ал эми 57 бала бакча, 17 саламаттыкты сактоо, 35 маданият жана спорт комплексте иш жүргөнүн, буга жалпысынан 3,7 млрд сом каражат каралганын белгиледи.
“2025-жылы 114 инфраструктуралык объектте иш жүрүп, 82 автожол үчүн каралган 4 млрд 348 млн сом каражат толук каржыланды. Өзгөн–Мырзаке–Кара-Кулжа жолуна – 2,2 млрд сом, ал эми 13 таза суу, 19 ирригациялык объекттерге 317,9 млн сом берилди”- дейт Касымалиев.
Коллегияда ал Ош облусунун бюджети 2024-жылы 4 млрд 731 млн сомду түзүп, 2025-жылы киреше факт боюнча 6 млрд 447 млн сомго жеткенин, мамлекеттик бюджеттин аткарылышы 2024-жылга салыштырмалуу 2,3 млрд сомго көбөйгөнүн, бирок бул аз экенин белгилеп, ар бир район боюнча жетишкендиктер жана кемчиликтерге өз өзүнчө токтолду.
“Өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө Ош облусунун татыктуу орду бар. Бирок өндүрүмдүүлүк жакшы эмес. 2025-жылы өнөр жай продукциясын дүң өндүрүү кичинекей Таласта 51 млрд сомду түзсө, Ош облусунда 22,8 млрд сомду түздү, 2,3 эсеге аз” – деди ал.


