
Жарыяланган
2026-26-01, 13:38Бүгүн, 26-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев социалдык тармактарга жарыяланган видео кайрылуунун негизинде “Элит-Строй-Сити” ЖЧКсынын өкүлү Бекжан Касымжанов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр аталган компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди карап чыгып, тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди. А
Анын негизинде бүгүн атайын комиссия түзүлүп, “Элит-Строй-Сити” компаниясынын Ош облусундагы бардык курулуш объектилерин текшерип чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, текшерүү иштери толук жыйынтыкталганга чейин компанияга жаңы долбоорлор боюнча курулуш иштерин баштоого убактылуу тыюу салынары эскертилди.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Ош шаарынын Касымбеков көчөсү 8а дарегинде курулуп жаткан “Манас” турак жай комплексинен батир сатып алган жарандардын видео кайрылуусу тараган. Кайрылуу 2025-жылдын күз мезгилинде тартылганы аныкталган.
Компаниянын өкүлүнүн маалыматына ылайык, аталган мезгилде ишкана каржылык кыйынчылыктарга туш болуп турган, ал эми учурда компаниянын иши туруктуу нукка түшүп, курулуш иштери уланууда.


