Akchabarsearch
Ысык-Көлдө эл аралык деңгээлдеги гольф-клуб ачылды

Жарыяланган

2026-31-07, 10:04

Ысык-Көлдө эл аралык деңгээлдеги гольф-клуб ачылды

Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун салтанаттуу ачылды.

Анын ачылышына президент Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

Иш-чарада Жапаров сөз сүйлөп, келечекте бул гольф-клуб эл аралык мелдештер өткөн абройлуу борборлордун бирине айланарына үмүтү чоң экенин билдирди.

"Азыр биз катардагы эле жаңы спорт объектисин пайдаланууга берип жаткан жерибиз жок. Бүгүнкү спорттук жаңылык – Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейип жаткандыгынын, туризм тармагынын өнүгүшүнүн дагы бир айкын далили", - деди ал.

Салтанаттын соңунда мамлекет башчылары алгачкы символикалык сокку жасап, гольф-резортту расмий ачышты.


Тектеш материалды окуу

Ысык-Көлдө эл аралык деңгээлдеги гольф-клуб ачылды Акчабарда