Akchabarsearch
Ысык-Көлдө электромобиль кубаттоочу дагы 7 станция ишке кирди
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-01-07, 11:05

Ысык-Көлдө электромобиль кубаттоочу дагы 7 станция ишке кирди

Экологиялык таза транспорт үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Ысык-Көлдө электромобилдерди кубаттоочу дагы 7 станция ишке кирди. Бул тууралуу “Чакан ГЭС” ААКсы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен төртөө Балыкчы шаарында, ал эми үчөө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында орнотулду.

Жаңы станциялар электромобиль айдагандарга өлкөнүн эң популярдуу туристтик маршруттары боюнча ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзөт.

Ушул жылдын башынан бери компания жалпысынан 18 жаңы кубаттоочу станцияны ишке берди. Буга чейин Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 4, Түп айылында 4 жана Бөкөнбаев айылында 3 ушундай станциялар ачылган.
 


Тектеш материалды окуу