Akchabarsearch
Июлга чейин өлкөдө электромобиль кубаттоочу 300 станция курулат
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-03-03, 16:06

Июлга чейин өлкөдө электромобиль кубаттоочу 300 станция курулат

2026-жылдын 3-мартында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев «Blue Networks» компаниясынын башкы директору Но Сун Ён менен жолугушту. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Жолугушууда Кыргызстанда электромобилдер үчүн кубаттоочу станциялардын тармагын кеңейтүү маселеси талкууланды. Маалыматка ылайык, компания 2026-жылдын июль айына чейин өлкө аймагында 300 электр кубаттоочу станция орнотууну пландоодо.

Компания өкүлдөрү Корея Республикасында 3  миң 500 кубаттоочу станция ишке берилгенин билдиришти. Бул алардын бул тармактагы тажрыйбасын тастыктайт.

Тараптар электромобилдер үчүн инфраструктураны өнүктүрүү менен катар энергетика тармагын санариптештирүүгө да көңүл бурушту. Кубаттоочу станцияларды башкаруу үчүн атайын программалык камсыздоо иштелип чыккан. Анын негизинде системанын ишин көзөмөлдөө үчүн Энергетика министрлигине тиешелүү кирүү мүмкүнчүлүктөрү берилет.

Белгилей кетсек, "Blue Networks" менен кызматташуу 2024-жылдан бери уланууда. 2025-жылы Кыргызстанда электр кубаттоочу станцияларды чогултуу жана орнотуу боюнча биргелешкен ишкана түзүлгөн. Заводду 2026-жылдын апрель айында ишке киргизүү пландалууда.
 


Тектеш материалды окуу