
Жарыяланган
2026-10-06, 16:35Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү, Жаркымбай жана Ананьево айыл аймактарында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө көлдөн жалпы узундугу 1200 метр болгон балык уулоочу синтетикалык торлор алынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Мындан тышкары, көлдүн жээгинен 25 килограмм тиричилик таштандысы чыгарылып, айлана-чөйрөнү тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Рейд маалында жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар менен мыйзамсыз балык уулоонун экологияга тийгизген зыяны жана жаратылышты коргоо мыйзамдары тууралуу түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.



