Akchabarsearch
Ысык-Көлдүн Өрүктү айылында 89 млн сомго мектеп салынууда

Жарыяланган

2025-09-12, 14:31

Ысык-Көлдүн Өрүктү айылында 89 млн сомго мектеп салынууда

Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, наркы 89 миллион сомду түзөт.

Жаңы мектеп эки кабаттуу окуу корпусу спорт залы менен салынды. Анын жалпы аянты 1 миң 280 чарчы метрди түзөт.

Маалыматка караганда, айылдагы эски мектептин имараты 1954-жылы курулган, ал эми экинчи корпусу 1985-жылы кошулган.

 


Тектеш материалды окуу