
Жарыяланган
2025-18-12, 15:05Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кеңеш айылында 203 млн сомго №43 И.Базаркулов мектебинин жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Башкы план боюнча мектеп 275 орунга ылайыкталып, эки кабатуу окуу корпусу спорт залы менен салынат. Объекттин жалы аянты 3 миң 518 чарчы метрди түзөт.
Белгилей кетсек эски мектеп 1977-жылы курулган.



