Akchabarsearch
Ысык-Көлдөн жыл сайын 50 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылат

Жарыяланган

2026-17-03, 14:24

Ысык-Көлдөн жыл сайын 50 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылат

Ысык-Көлдү тазалоо иштеринин алкагында акыркы 4 жылда көлдөн 900 миң тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинин Биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары башкармалыгынын башкы адиси Дерсуу Акпаралыев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, алардын 200 миң метрден ашыгы эскирип, чирип кеткен синтетикалык торлор болгон.

Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштери комплекстүү түрдө жүрүп жатат. Жыл сайын ишембиликтер уюштурулуп, жээктерден 50 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылууда.

Мындан тышкары, синтетикалык торлорго байланыштуу мыйзамдар жаңыланып, чектөөлөр киргизилди. Учурда тазалоо иштери күчөтүлгөн режимде уланууда.

Бул иштер тиешелүү министрликтер менен биргеликте жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

 


Тектеш материалды окуу

  • Ысык-Көлдү топурак менен толтуруп жатышат. Эмне үчүн?

    «Елизавета» жана «Авангард» компаниялары Тамчы айылында Ысык-Көлдүн жээгин топурак менен толтуруп жатышат. Жаратылыш министрлиги бул долбоор боюнча экологиялык экспертиза жүргүзүлгөн эмес деп билдирүүдө. Ал эми Курулуш министрлиги иштер мыйзамдуу жүргүзүлүп, жээкти бекемдөө максатын көздөйт деп түшүндүрүүдө.
    2026-22-04 10:05:31
  • Ысык-Көлдө айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 17,4 млн сом өндүрүлдү

    Ысык-Көл районунда айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 17 миллион 401 миң сомдон ашык каражат мамлекеттик бюджетке өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
    2026-26-03 03:29:51
  • Ысык-Көлдөн жыл сайын 50 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылат

    Ысык-Көлдү тазалоо иштеринин алкагында акыркы 4 жылда көлдөн 900 миң тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинин Биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары башкармалыгынын башкы адиси Дерсуу Акпаралыев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
    2026-17-03 08:24:41
  • Ысык-Көлдө энергетикалык линиялар жаңыланат

    Энергетикалык инфраструктураны жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
    2026-06-03 07:47:45