Akchabarsearch
Ысык-Көлдө энергетикалык линиялар жаңыланат

Жарыяланган

2026-06-03, 13:47

Ысык-Көлдө энергетикалык линиялар жаңыланат

Энергетикалык инфраструктураны жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Анын алкагында узундугу 80 чакырым болгон 110 кВ «Тамга–Пржевальск» аба чубалгысы толугу менен реконструкцияланат.

Бул линия Каракол шаарын, ошондой эле Жети-Өгүз району жана Ак-Суу районунун электр энергиясы менен камсыз кылат. Реконструкция 2026-жылдын аягына чейин аяктайт деп пландалууда.

Мындан тышкары, быйыл 35–110–220 кВ чыңалуудагы 1411 чакырым аба чубалгысы техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт. 1964-жылы орнотулган 5495 эски фарфор изолятор заманбап айнек изоляторлорго алмаштырылат.

Ошондой эле 13 тирөөчтө суу ташкынына каршы алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Бул чаралар электр энергиясын жеткирүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатып, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга багытталган.


Тектеш материалды окуу

  • Ысык-Көлдү топурак менен толтуруп жатышат. Эмне үчүн?

    «Елизавета» жана «Авангард» компаниялары Тамчы айылында Ысык-Көлдүн жээгин топурак менен толтуруп жатышат. Жаратылыш министрлиги бул долбоор боюнча экологиялык экспертиза жүргүзүлгөн эмес деп билдирүүдө. Ал эми Курулуш министрлиги иштер мыйзамдуу жүргүзүлүп, жээкти бекемдөө максатын көздөйт деп түшүндүрүүдө.
    2026-22-04 10:05:31
  • Ысык-Көлдө айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 17,4 млн сом өндүрүлдү

    Ысык-Көл районунда айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн 17 миллион 401 миң сомдон ашык каражат мамлекеттик бюджетке өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
    2026-26-03 03:29:51
  • Ысык-Көлдөн жыл сайын 50 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылат

    Ысык-Көлдү тазалоо иштеринин алкагында акыркы 4 жылда көлдөн 900 миң тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинин Биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары башкармалыгынын башкы адиси Дерсуу Акпаралыев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
    2026-17-03 08:24:41
  • Ысык-Көлдө энергетикалык линиялар жаңыланат

    Энергетикалык инфраструктураны жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
    2026-06-03 07:47:45