Akchabarsearch
Ысык-Көлгө тор салгандарга жазаны катаалдаштыруу пландалууда

Жарыяланган

2026-05-05, 10:44

Ысык-Көлгө тор салгандарга жазаны катаалдаштыруу пландалууда

Ысык-Көлгө тор салгандарга жазаны катаалдаштыруу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди.

Жогорку Кеңештин, Чолпон-Ата шаарды кеңештин депутаттары жана жаштар менен бирге Ысык-Көлдүн жээгин тазалоого катышкан төрага көлдү таза сактоо жалпыбыздын милдетибиз экенин айтат. 

Ал сыртынан көрүнбөгөнү менен синтетикалык торлор балыктардын кырылышна, экологиянын бузулушуна алып келерин айтып, көлгө тор салгандарга жазаны күчөтүү зарыл экенин айтты. 

“Президентибиз Ысык-Көлгө аяр мамиле кылууга ар дайым чакырып келет. Анткени абал абдан кооптуу. Алсак, көлүбүздүн алдынан 6 миң чакырымга жеткен браконьерлик тор чыгарылган. Бул Каракол шаарына 15 жолу барып келгенге барабар. Тилекке каршы азыр да мындай жосунсуз жорук токтой элек. 

Ошондуктан, бүгүн тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарып жатабыз. Анда көлгө тор салып, мыйзамсыз иштерди жүргүзгөндөргө карата жаза чараларын күчөтүү сунушу камтылат. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса айып пулдардын көлөмү көбөйтүлүп, көлгө тор салгандардын өздөрүн да мындан ары темир тор күтөт”, – деди.
 


Тектеш материалды окуу