Akchabarsearch
Каир шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылат

Жарыяланган

2025-05-11, 16:49

Каир шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылат

Каир шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылат. Бул тууралуу президенттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн, 5-ноябрда президент Садыр Жапаров Мисирдин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолукканда кабыл алынды.

Анда кыргыз-мисир кызматташтыгынын негизги багыттары, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, экономикалык өз ара аракеттенүү, инвестициялар жана эки жактуу кызыкчылыкты туудурган башка маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Мисирдин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле өкмөттөр аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Садыр Жапаров анын биринчи отурумун Бишкекте өткөрүүнү сунуштады. Демилгени Мисирдин президенти колдоду.


Тектеш материалды окуу