Жарыяланган
2025-20-05, 12:50Кыргызстанда жол эрежесин бузуп, жол тескөөчүсүнүн суроолоруна жооп бере албаган айдоочулардын күбөлүгүн убактылуу алып коюу сунушталууда. ИИМ даярдаган тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Сунушка ылайык, жол эрежесин бузгандар, жеринен эрежелер боюнча оозеки суралат. Кокус андан өтө албаса, айдоочулук күбөлүгү алынат. Аны менен бирге "Түндүк" тиркемесиндеги айдоочулук күбөлүктүн электрондук түрүн да колдонууга бөгөт коюлат. Айдоочу күбөлүгүн кайра алуу үчүн өзүнчө сынак тапшырууга милдеттүү болот. Аталган өзгөртүүлөр Укук бузуулар кодексине киргизилет.
Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө жол кырсыктарынын саны жыл сайын көбөйүүдө. 2024-жылдын биринчи чейрегинде 1338 жол кырсыгы болуп, анын айынан 97 киши көз жумган, 1912 адам жабыркаган. Быйыл биринчи чейректе 1491 жол кырсыгы катталып, 115 киши каза тапкан, 2200 адам жаракат алган.
Айдоочулар төмөндө көрсөтүлгөн жол эрежелерди бузса, оозеки сынактан тапшырат:
182-берененин 1-бөлүгү: Эксплуатациялоого тыюу салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын башкаруу
4-бөлүгү: Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же анын бирөөсү жок башкаруу
185-берене: Жол тескөөчүсүнүн (же транспорт жана бажы тармагындагы ыйгарым укуктуу орган кызматкеринин) унааны токтотуу тууралуу талаптарына баш ийбөө
187-берене: Ылдымдыкты ашырып айдоо,
188-беренесинин 3-бөлүгү: Өткөөлдөрдөн өтүү же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда өтүү эрежелерин бузуу, ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү; жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу; кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу тутумунун үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу
4-бөлүгү: Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө
5-бөлүгү: Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу
189-беренесинин 1-бөлүгү: Автоээнбаштык
192-беренесинин 2-бөлүгү: Транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу
3-бөлүгү: Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол кыймылынын эрежелерин бузуу
193-беренесиинин (Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү) 3 жана 6-бөлүгү
194-берене: Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу
195-берене: Кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу
199-берене: Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузуу