Жарыяланган
2025-10-07, 18:05Камчаткага (Россия) Кыргызстандан биринчи жолу учак менен жер-жемиштер жеткирилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Камчаткага жеткирилген 200 кг жемиштердин арасында шабдалы, өрүк, алча, кара өрүк, гилас жана кулпунай бар.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы Кыргызстандан келген жемиштерди текшерип, анын жыйынтыгы таза болуп чыккан.