Akchabarsearch
    Өзбекстан Кыргызстанга 2.5 миң тонна чамгыр экспорттогон

    Жарыяланган

    2025-11-07, 13:37

    Өзбекстан Кыргызстанга 2.5 миң тонна чамгыр экспорттогон

    Быйыл беш айда Өзбекстан Кыргызстанга 2.5 миң тонна чамгыр экспорттогон. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди. 

    Маалыматка ылайык, Өзбекстан январь-май айларында чет жакка 8.6 миң тонна чамгыр экспорттогон. Анын баасы 3.3 млн долларды түзгөн. 

    Өзбекстан чамгырды эң көп Россияга (3 миң тонна), Казакстанга (2.7 миң тонна) жана Кыргызстанга (2.5 миң тонна) саткан. Дагы 400 килограммы башка өлкөлөргө экспорттолгон. 


    Тектеш материалды окуу