Жарыяланган
2025-20-10, 13:16Кант цемент заводунун Өзбекстандагы өкүлчүлүгү жабылат. Мындай чечим ишкананын акционерлеринин 17-октябрда өткөн кезексиз жыйынында кабыл алынган.
Отурумдун протоколуна ылайык, башкы директор өкүлчүлүктү жабуу боюнча жол-жоболорду аткарышы керек. Компаниянын уставынан Өзбекстандагы өкүлчүлүк тууралуу пункт алып салынат.
Буга чейин аталган өкүлчүлүк экспорттук жеткирүүлөрдү координациялоо жана өзбекстандык өнөктөштөр менен иштештүү үчүн колдонулуп келген.