
Жарыяланган
2025-14-11, 18:03Бүгүн, 14-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа айылында жүндү кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирди. Бул тууралуу айыл чарба министри билдирди.
Иш-чарага Айыл чарба министринин орун басары Бектен Болотбеков катышып, куттуктоо сөзүн айтты.
Ишкана “30+20+10” программасынын алкагында колдоо алып, “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” тарабынан жеке ишкер Матаева Айгүлгө 3 млн 860 миң сом көлөмүндө пайызсыз кредит берилген. Анын 3 млн сому жабдууларга, 860 миңи ишкердин ишин жүргүзүүгө багытталган.
Россиядан алынган жаңы жабдуулар менен ишкана толук комплектацияланып, жергиликтүү бийлик имаратты да бөлүп берген. Ишканага 10 жаңы жумушчу орношту.
Ачылышка 100гө жакын адам катышып, ишкерлер тажрыйба алмашты.



