Akchabarsearch
Өлкөнүн 8 ишканасына Кытайга продукция экспорттоого уруксат берилди

Жарыяланган

2026-12-02, 09:37

Өлкөнүн 8 ишканасына Кытайга продукция экспорттоого уруксат берилди

Кыргызстандын сегиз ишканасын Кытайга экспорттоого уруксат берилген ишканалардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чечимди Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы кабыл алды. 

Кытай рыногуна продукция жеткирүүгө уруксат алган ишканалардын тизмесине төмөнкүлөр кирди: 

  • «Ат Башы Трейд» ЖЧКсы;
  •  «Алия» ЖЧКсы;
  •  «Гермес Ко ЛТД» ЖЧКсы;
  • «Жол-Аман» ЖЧКсы; 
  • «Таалай Групп» ЖЧКсы; 
  • «Wool KG» ЖЧКсы;
  • «Опэн Трейд» ЖЧКсы;
  • «Торугарт Трейд» ЖЧКсы.

Аталган ишканалар ири мүйүздүү малдын терисин жана майда мүйүздүү малдын жүнүн кайра иштетүү менен алектенишет. 


Тектеш материалды окуу