
Жарыяланган
2024-19-12, 12:41"Кыргызиндустрия" мекемеси эки жыл аралыгында 20дан ашык өндүрүштүк ишкана ачып, иш алып барууда. Бул тууралуу "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун вице-президенти Шамил Борончиев билдирди.
Борончиевдин айтымында, анын ичинен 7 ишкана жигердүү иштеп, 71 млн сом пайда алып келген.
"Кыргызиндустрия" мекемесин өнүктүрүү максатында биз өкмөттөн 2 млрд сомдон көбүрөөк каражат алганбыз. Анын ичинен 2022-жылы 1 млрд сом, 2023-жылы 700 млн сом, ал эми 2024-жылы 293 млн сом алганбыз. Ал каражаттын 85 пайызын долбоорлорго сарптадык. Бул аябай жакшы көрсөткүч. Бүгүнкү күндө бул каражатка 20дан ашуун ишкана ачтык. Анын ичинен 6-7 ишкана жигердүү иш алып барып, кирешеге чыкты. Эгерде 2024-жылдын 9 айында 7 ишкана 71 млн сом таза киреше алып келди”, - деди ал.



