Жарыяланган
2025-11-08, 14:49Ош облусунун Кара-Суу районунун Кыргызстан айылындагы №31 О.Курбанбаев атындагы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Эки кабат мектептин жалпы аянты 2478 чарчы метрди түзөт. Окуу класстарынан жана спорт залдан тышкары лаборатория, компьютердик класс, конференц-зал, кыздар жана балдар үчүн эмгек класстары каралган.
Министрлик белгилегендей, мектептин биринчи имараты 1979-жылы малчылар үчүн турак жай болуп курулуп, кийин мектеп катары колдонулган. Ал эми 1985-жылы бала бакча үчүн деп кошумча корпус салынып, бирок анда окуучулар билим ала башташкан.
Жаңы мектептин курулуш да көп жылдан бери бүтпөй келген.