Akchabarsearch
    Каракөлдө "Электр станциялар" ишканасы үчүн жаңы имарат салынууда

    Жарыяланган

    2025-14-05, 16:08

    Каракөлдө "Электр станциялар" ишканасы үчүн жаңы имарат салынууда

    Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында "Электр станциялар" ишканасынын жаңы эки кабаттуу административдик имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, курулуш иштерин тендер менен тандап алынган "Ихтур-Юг" компаниясы жүргүзүүдө. 

    Имарат 2024 жылы сентябрда салына баштаган. Учурда курулуш иштеринин 70% пайызы бүткөрүлдү. 

    "Жаңы заманбап стилде салынып жаткан административдик имараттын аянты 984.6 чарчы метрди түзүп, 80-90 кызматкерге ылайыкташтырылган. Имарат толугу менен бүтөрүлгөндөн кийин жумушчулар үчүн баардык шарттар түзүлөт", - деп айтылат маалыматта. 

    Жаңы имаратты 30-августта пайдаланууга берүү пландалууда. 


    Тектеш материалды окуу