Akchabarsearch
    Кыргызстан – Өзбекстандан бадыраңды көп сатып алган өлкөлөрдүн бири

    Жарыяланган

    2025-14-05, 18:21

    Кыргызстан – Өзбекстандан бадыраңды көп сатып алган өлкөлөрдүн бири

    Быйыл январь-март айларында Өзбекстан Кыргызстанга 333 тонна бадыраң экспорттоду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди.

    Маалыматка ылайык, үч айда Өзбекстан чет жакка 2.1 млн долларга 1 миң 848 тонна бадыраң саткан.

    Бадыраңдын көбү Россияга (1263 тонна), Кыргызстанга (333 тонна) жана Казакстанга (233 тонна) экспорттолгон. Дагы 19 тоннасы башка өлкөлөргө сатылган.


    Тектеш материалды окуу