Akchabarsearch
    Өзбекстан Грин карт уткандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи болду. Кыргызстанчы?

    Жарыяланган

    2025-14-05, 15:12

    Өзбекстан Грин карт уткандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи болду. Кыргызстанчы?

    АКШнын Грин карт (Green Card) лотереясын уткандардын саны боюнча Өзбекстан дүйнөдө биринчи орунду ээледи. 

    Грин-картты Өзбекстандын 5564 жараны уткан. Экинчи орунда Алжир – 5526 киши, үчүнчү орунда Россия – 5519 адам.

    Өзбекстан дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азияда биринчи болсо, Кыргызстан экинчи орунда турат. Грин картты 3095 кыргызстандык уткан. Тажикстанда – 2982, Түркмөнстанда 2010 жана Казакстанда – 2004 адам грин карттын ээси болгон. 

    Грин-карт (Green Card) – чет элдик жаранга АКШда жашаганга уруксат берген документ. Анын ээси Америкада окуп, иштеп, мамлекеттик жеңилдиктерди ала алат. Ошондой эле Грин карт уткан жаранга АКШнын жарандыгын алууга жеңил болот. 


    Тектеш материалды окуу