Жарыяланган
2025-14-05, 14:22Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-майдагы жыйынында депутаттар Догдургүл Кендирбаеваны агартуу министри жана Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Эскертке кетсек, буга чейин президент Билим берүү жана илим министрлигинин жана Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки министрликти түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Алардын бири – Агартуу министрлиги бала бакча, лицей жана коллежддерди караса, экинчиси – Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку окуу жай, илим, инновация жана интеллектуалдык менчик багытына жооптуу болот.
Президенттин башка жарлыктары менен Догдургүл Кендирбаева агартуу министринин милдетин аткаруучу, Бактияр Орозов илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Буга чейин, 2023-жылдын сентябрь айынан бери Билим берүү жана илим министрлигин Догдургүл Кендирбаева жетектеп келе жаткан.
Бактияр Орозов мындан мурда билим берүү министринин биринчи орун басары, юстиция министринин орун басары кызматтарын ээлеген.