Жарыяланган
2025-14-05, 16:45Кыргызстанга YouTube’дун монетизациясын кайтаруу өлкө экономикасына 100 млрд сомго чейин алып келе алат. Бул тууралуу балдарга арналган D Billions долбоорунун командасы Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов менен болгон жолугушууда билдирди.
Жолугушуу учурунда D Billions’тун өкүлдөрү Кыргызстанда YouTube’дун монетизациясы жоктугу тууралуу маселени көтөргөн. Алардын айтымында, бир учурда Кыргызстан монетизация бар өлкөлөрдүн катарына кирип, бирок бир жумадан кийин андан чыгарылган.
D Billions командасы мамлекет аталган маселени чечүүгө жардам берет деп үмүттөнөт. Алар монетизация кирсе, өлкө экономикасына 100 млрд сом алып келерин айтышат.
Эскерте кетсек, D Billions YouTube’да балдар үчүн видео жасаган, дүйнөгө таанылган Кыргызстанда негизделген долбоор. Алардын видеолору 45 миллиарддан ашык жолу көрүлгөн.