
Жарыяланган
2026-10-08, 14:17Бүгүн, 10-августта, реконструкциядан кийин “Каракол” эл аралык аэропортуна биринчи техникалык каттам аткарылды. Аэропорттун тарыхында биринчи жолу Airbus A320 жүргүнчү учагы кабыл алынды.
Реконструкциянын алкагында аэропорттун учуп-конуу тилкеси 2 450 метрден 3 750 метрге чейин узартылды. Ошондой эле жаңы жарык-белги берүү жабдуулары жана учактарды кондурууга жардам берген ILS системасы орнотулду.
Мурда аэропорт негизинен Dash 8 Q400 сыяктуу чакан жана орто көлөмдөгү учактарды кабыл алса, эми Airbus A320 жана Boeing 737 сыяктуу ири учактарды тейлей алат.
“Кыргызстан аэропорттору” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун айтымында, реконструкция Каракол аэропортунун эл аралык каттамдарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтти.
Анын билдирүүсүнө караганда, учурда Россия, КМШ өлкөлөрү жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттери менен жаңы аба каттамдарын ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Аэропорттун жетекчилиги Караколду Ысык-Көлдүн негизги аба дарбазаларынын бирине айлантып, чет өлкөлүк туристтер үчүн аймакка түз жетүүнү камсыздоону көздөп жатат.



