Akchabarsearch
Каракол шаарындагы тарыхый музей 159 млн сомго реконструкцияланууда

Жарыяланган

2026-15-06, 14:44

Каракол шаарындагы тарыхый музей 159 млн сомго реконструкцияланууда

Каракол шаарындагы тарыхый музей 159 млн сомго реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Реконструкциялык иштерди Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарууда.

Учурда объектте демонтаж иштери толугу менен аяктап, негизги оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.

Башкы планга ылайык, музей комплекси жалпы аянты 1316 чарчы метрди түзгөн үч корпустан турат. Долбоордун алкагында имараттын ички жасалгаларын жаңылоо, архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана инженердик тармактарды толук модернизациялоо каралган.

Азыркы тапта объекттин айланасын тосмо менен тосуу иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле тазалоочу курулмалар орнотулду.

 


Тектеш материалды окуу