
Жарыяланган
2026-07-08, 18:01Каракол шаарындагы тарыхый музейде реконструкция иштери жүрүп жатат. Анын жаңылануусуна 159 млн сом каралган. Иштин жүрүшү менен Курулуш министри Нурдан Орунтаев таанышып чыкты.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин Курулуш министрлигине караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Министр музейдеги иштердин сапатына көңүл буруп, тарыхый имараттын өзгөчөлүктөрүн сактоо жана реконструкцияны белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Учурда музейде ички жана сырткы жасалгалоо, инженердик системаларды жаңылоо иштери уланууда. Буга чейин чатыр оңдолуп, терезелер орнотулуп, пол конструкциялары бекемделип, сырткы көрктөндүрүү иштеринин негизги бөлүгү аяктаган.
Музей комплекси долбоор боюнча үч корпустан туруп, жалпы аянты 1316 чарчы метрди түзөт.



