
Жарыяланган
2026-01-07, 12:35Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар Пушкин атындагы борбордук сейил бактын реконструкциялоо иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Министр Нурдан Орунтаев 29-июнда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Караколдогу бир катар объекттер менен таанышып, анын ичинде сейил бактагы иштердин жүрүшүн жеринен көргөн.
Маалыматка ылайык, 7.5 гектар аянтты ээлеген сейил бакта 12 аттракцион, административдик имарат жана негизги объектилердин курулушу аяктап калды. Учурда аттракциондорду сыноо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери уланууда. Анда газон төшөө, автоматтык сугаруу системасын орнотуу, жөө жана велосипед жолдорун иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында заманбап фонтан, спорт аянтчалары, амфитеатр, кафетерий жана эс алуучулар үчүн бардык шарттар каралган. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда.



